Путин: эл аралык маселелер боюнча Вьетнамдын салмактуу позициясын баалайбыз

Путин көптөгөн актуалдуу эл аралык көйгөйлөр боюнча Россия менен Вьетнамдын позициялары окшош экендигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Россия эл аралык актуалдуу маселелер боюнча Вьетнамдын салмактуу позициясын жогору баалайт. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Вьетнамдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчысы Нгуен Фу Чонг менен жолугушууда билдирди.
"Биз сиздин эң курч кризистик кырдаалдар боюнча тең салмактуу позицияңызды жогору баалайбыз", — деди Путин.
Ал ошондой эле көптөгөн актуалдуу эл аралык көйгөйлөр боюнча Россия менен Вьетнамдын позициялары окшош экендигин белгиледи.
"Биз эл аралык укуктун, мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн жана тең укуктуулугунун принциптерине негизделген адилеттүү, демократиялык, көп полярдуу дүйнө тартибин куруу идеяларын колдойбуз. Эл аралык бирикмелердин, биринчи кезекте БУУнун алкагында тыгыз жана конструктивдүү иш жүргүзүп келебиз", — деди президент.
Путин Вьетнамдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчысы менен жолугушуу эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелерин жана келечектеги биргелешкен иштердин артыкчылыктарын талкуулоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк деп эсептей турганын белгиледи.
Путин анын азыркы сапары орус-вьетнам мамилелерин илгерилетүүгө түрткү берерине ишенерин кошумчалады.
Вьетнам көз карандысыздык үчүн күрөштө Россиянын колдоосун унутпайт