Путин Түндүк Корея менен Вьетнамга болгон сапарынын жыйынтыгын чыгарды

Визиттин алкагында өлкө лидерлери дүйнөдө болуп жаткан кырдаалды талкуулап, өз ара кызматташуу, өнөктөштүк жаатында макулдашышты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Корея Элдик Демократиялык Республикасына (КЭДР), андан соң Вьетнамга мамлекеттик сапар менен барган РФ президенти Владимир Путин кайтар алдында маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Төмөндө сөзүнүн урунттуу учурлары:
КЭДР менен түзүлгөн келишимде жаңы нерсе жок, болгону 60-жылдары кабыл алынган макулдашуунун мөөнөтү соңуна чыкты;
КЭДР менен түзүлгөн келишимде согуштук агрессия болгон учурда өз ара жардамдашуу каралган. Эгер Пхеньянга кол салууну ойлонбосо Сеулдун кооптонуусуна эч негиз жок;
Пхеньянга каршы салынган санкциялар гумандуулукка жатпайт, саясий өңүттө чектөө киргизүү туура эмес;
Сеул Киевге курал-жарак жеткирсе чоң ката кетирет, Россия Түштүк Кореяга жакпай турган жооп кайтарышы мүмкүн;
Россия атайын операция өткөрүүдө эч кимден жардам сурабайт;
Россиянын тынчтык демилгелерине Батыштын реакциясы күтүлгөндөй эле болду. Анткен менен акыл калчап иш кылган саясатчылар жаңжалды токтотуу тууралуу ойлонушу керек;
Батыш максатына жетпей калган чечимдерди Зеленскийдин мойнуна үйүп, 2025-жылдын биринчи жарымында аны алмаштырат;
эгер Киев Москва менен сүйлөшүүлөрдү россиялык аскерлердин чыгарылышы деп түшүнсө катуу жаңылышат;
Россия өзөктүк доктринасына өзгөртүү киргизүү ыктымалдыгы тууралуу ойлонуп келет, бул каршы тараптын өзөктүк куралды пайдаланууга жол берген босогонун улам төмөндөп бара жатканы менен байланыштуу;
Батыш Россияны стратегиялык жеңилүүгө дуушар кылууну көздөп келет. Стратегиялык жеңилүү — бул Россиянын мамлекеттүүлүгүнүн жок болушу, демек, коркуунун кажети жок, аягына чейин бекем турабыз.
Эскерте кетсек, РФ лидери Владимир Путин мамлекеттик сапар менен 18-19-июнь күндөрү Корея Элдик Демократиялык Республикасына, андан ары 19-20-июнда Вьетнамга барды. Өлкө лидерлери дүйнөдө болуп жаткан кырдаалды талкуулап, өз ара кызматташуу, өнөктөштүк жаатында макулдашышты.
Путин: эл аралык маселелер боюнча Вьетнамдын салмактуу позициясын баалайбыз