Жапаров: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу тышкы карызды көбөйтпөйт

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулса өлкө аркылуу жылына 7 миллион тоннадан 15 миллион тоннага чейин жүк өтөрү мерчемделүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу өлкөнүн тышкы карызын көбөйтпөйт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жол курулгандан кийин Кыргызстан жылына 7 миллион тоннадан 15 миллион тоннага чейин жүк өтө турган транзиттик өлкөгө айланат.
"Бул темир жол өзүн актай турган коммерциялык долбоор болуп саналат. Ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принцибинде курулуп, өзүн-өзү актайт. Ошондой эле Европа менен соода алаканы өнүктүрүүгө шарт түзөт. Убагында Европага терезе ачылгандай, биз да дүйнөлүк рынокко жол ачып жатабыз", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал аталган долбоор 2050-жылы ИДПнын көлөмүн 200 миллиард долларга чыгарууга өбөлгө болоруна ишеним артып жатканын кошумчалады.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу: макулдашууну парламент колдоду