Эми жылуулук үчүн квитанцияларды уюлдук тиркеме аркылуу алууга болот

Долбоордун максаты санариптештирүү жана кагаз квитанцияларды колдонууну азайтуу экени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. "Бишкек жылуулук тармагы" өзүнүн абоненттери үчүн уюлдук тиркемени ишке киргизди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоордун максаты — санариптештирүү жана кагаз квитанцияларды колдонууну азайтуу.
"Колдонмо Play Market жана App Store аркылуу жеткиликтүү. Абоненттер анын жардамы менен электрондук квитанция алып, төлөм жүргүзө алат. Ошондой эле эсептегичтин көрсөтмөлөрүн жөнөтүп, карыздар тууралуу билдирме алышат. Тиркемеден ишкананын жаңылыктары жана оңдоо иш-чаралары тууралуу маалыматтар менен таанышууга болот", — деп жазылган маалыматта.
Ишкана келечекте абоненттердин муктаждыктарына жараша тиркеменин функционалдуулугу кеңейтилерин кошумчалады.
Мүлк салыгын үйдөн чыкпай төлөөгө жол ачылды. Видеотүшүндүрмө