Президенттин тапшырмасынан кийин Бишкек эски көрнөк-жарнактардан арылууда

Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкекте көрнөк-жарнактарды демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эски металл конструкциялары LED экрандарга алмаштырылып жатат.
1 / 3

Бишкекте көрнөк-жарнактарды демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө

2 / 3

Маалыматка ылайык, эски металл конструкциялары LED экрандарга алмаштырылып жатат

3 / 3

Эске салсак, буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров борбор калааны эски жарнамалык такталардан 31-августка чейин тазалоону тапшырган

"Тургундарга ыңгайсыздыктарды азайтуу үчүн мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери ыкчам жүргүзүлүүдө. Жарнамалык структураларды жаңылоо — Бишкекти заманбап жана ыңгайлуу борборго айландыруунун дагы бир кадамы", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров борбор калааны эски жарнамалык такталардан 31-августка чейин тазалоону тапшырган.
Бишкекте жаңы жол пайда болот. Карта