ЖК административдик-аймактык реформа боюнча мыйзам долбоорлорун кабыл алды

Өлкөдө административдик-аймактык реформанын алкагында 235 ирилештирилген айыл аймак түзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш административдик-аймактык реформа боюнча мыйзам долбоорлорунун топтомун үч окуудан жактырды.
Каралган мыйзам долбоорлору:
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктери жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
Бул мыйзамдарды президент Садыр Жапаров демилгелеген. Жыйынга аларды Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү алып чыкты.
Аталган мыйзам долбоорлору сынамык режимде жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан. Ага ылайык, 235 ирилештирилген айыл аймактары түзүлүп, шаарлар айланасындагы айылдардын эсебинен кеңейүүдө.
Экзаменде отурган жокмун. Парламентте депутат менен министр айтыша кетти