Мүлк салыгын үйдөн чыкпай төлөөгө жол ачылды. Видеотүшүндүрмө

Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Мүлк салыгын төлөө мурдагыдан дагы жеңилдеди, эми бул үчүн Салык кызматына жана банктарга баруунун кажети жок. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы кабарлап, кеңири түшүндүргөн видео жарыялады.
Билдирүүгө ылайык, бардык процесс бир нече мүнөткө гана созулат, демек, убакыт үнөмдөлөт.
"Бул үчүн кардар жеке кабинетиндеги салыктарды төлөө" бөлүмүнө кириши керек. Андан кийин салыктын түрүн (кыймылдуу же кыймылсыз мүлк үчүн алым) тандоо зарыл. Ачылган терезеден "табуу" баскычын басса тизме пайда болот. Ал жерден "төлөө" бөлүгүнө белгини коюп, андан соң "төлөө" баскычы тандалат. Натыйжада мүлк тууралуу толук маалымат жана QR-код пайда болот. Аны каалаган мобилдик капчык аркылуу сканерлеп, төлөм ишке ашырылат", — деп айтылат видеодо.
Ошондой эле Салык кызматы соңунда төлөм ишке ашырылганын текшерип коюуну эскерткен.
Салыктын эки түрүнүн теңин жергиликтүү бюджетке калтыруу сунушталды. Эмне өзгөрөт?