Кайрадан сел жүрүшү мүмкүн! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо 20-23-июнда сел жүрүшү мүмкүн. Бул туурасында ӨКМ кабарлады.
"20-23-июнда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү ыктымал. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ сел каптап кетпеш үчүн арыктарды таза кармоону эскертти.
Эмнеге сел жүрүп, жер көчөт, алдын ала билүүгө мүмкүнбү? Окумуштуулардын маеги