Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу: макулдашууну парламент колдоду

Долбоордун болжолдуу наркы 4 миллиард 665 миллион доллар, анын ичинен Кыргызстандын үлүшү 573 миллион доллар болору болжолдонууда.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун биргелешип илгерилетүү боюнча макулдашууну дароо үч окуудан колдоду.
Мыйзам долбоору боюнча транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев баяндама жасады. Анын айтымында, үч өлкө биргелешкен ишкана түзүп, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккан.
Маалыматка ылайык, маршрут Торугарт — Арпа — Кош-Дөбө — Макмал — Жалал-Абад аркылуу болуп, узундугу 311,75 чакырымды түзөт. Ал эми жүк жүктөөчү станция Макмалда жайгаштырылары мерчемделүүдө.
Ошондой эле министрдин орун басары темир жол туннелдер жана көпүрөлөр аркылуу өтөрү болжолдонуп жатканын белгиледи.
"Макмалда жүктөөчү станциянын жайгашуусу биз үчүн маанилүү. Анткени Кара-Кечеден өткөн жол аркылуу түндүк менен түштүктү байланыштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт", — деди министрдин орун басары.
Долбоордун болжолдуу наркы 4 миллиард 665 миллион доллар, анын ичинен Кыргызстандын үлүшү 573 миллион доллар болору презентацияда көрсөтүлгөн.
Ошондой эле жыйында "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев курулуш 6 жылга созуларын билдирди. Анын айтымында, бул жол белгиленген мөөнөттөн кийин ишкананын карамагына өтүшү ыктымал, бирок бул боюнча маалымат эми түзүлө турган инвестициялык келишимде камтылары кошумчаланды.
Депутат Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу боюнча келишимге нааразы болду