Жалал-Абад: кечээ жүргөн селден тестиер бала каза таап, 300 кожолук көчүрүлдү

Ноокендеги эки айылда 2 643 үйдү суу каптап, 300 кожолуктун жашоочулары эвакуацияланганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Кечээ, 17-июнда, Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски-Кочкор-Ата, Бостон айылдарында сел жүргөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, сел 17:30дар чамасында нөшөрлөгөн жамгырдан улам жүргөн.

"Тилекке каршы, Эски-Кочкор-Ата айылында Э.Ж. аттуу тестиер баланы сел алып кеткен. Анын сөөгүн жергиликтүү тургундар саат 19:10до таап, жакындарына беришкен", — деп айтылат маалыматта.

Эки айылда 2 643 үйдү суу каптап, 300 кожолуктун жашоочулары эвакуацияланганы айтылды. Мындан тышкары, сел Бишкек — Ош унаа жолунун 518-чакырымын каптаганы белгиленди.
Селдин кесепеттерин жоюу үчүн техника тартылган.
Эмнеге сел жүрүп, жер көчөт, алдын ала билүүгө мүмкүнбү? Окумуштуулардын маеги