СССР Прибалтиканы Гитлерден кантип сактап калган. Видеоинфографика

1940-жылы Прибалтикага советтик аскерлердин кириши нацисттик Германиянын аталган аймакты өзүнүн колуна алуу боюнча ой, пландарын таш каптырды.
Sputnik
Мындайча айтканда, СССР Прибалтиканы Гитлерден сактап калган.
1930-жылдардын соңунда Гитлер Прибалтиканы өзүнүн таасир эткен аймагына кошкусу келгени менен Советтер Союзу өзүнүн чектеринде нацисттик күчтөргө каршы турган. Анын үстүнө Балтика боюндагы республикалар да немец оккупациясынан чочулаган. Ошентип кийинки өнүгүү жолун аталган өлкөлөр өздөрү Москва менен байланыштырган.
Латвия президенти Карлис Улманис өз ара алака Советтер Союзунун да, алардын да чектериндеги коопсуздукту бекемдээрин айткан.
1940-жылы Чалгын кызматы Берлиндин Литваны өзүнө тартуу жана советтик гарнизонго чабуул коюу планын билген. Мындай "оюндардан" кийин Москва Прибалтикадан жаңы өкмөттү түзүүнү, өз аймагына Кызыл Армияны киргизүү талабын койду. Ошол эле жылы июнда советтик аскерлер Литвага, Эстонияга, Латвияга кирген. Ал эми августта Жогорку Совет бул үчөөнү Советтер Союзуна кошуу чечимин кабыл алган.