Рязанда жол кырсыгынан 8 адам каза болду. КР жарандарынын бар-жогу такталууда

Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Рязандагы жол кырсыгынан каза болгондордун арасында кыргызстандыктардын бар-жогун тактоодо. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
РИА Новости жазгандай, Рязань облусунда жол кырсыгы болуп, андан сегиз киши каза болуп, 13 адам жабыркаган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кичи автобус каршы тилкеге чыгып кырсыкка кириптер болгон.
Чүйдүн Садовое айылында жүрөк үшүн алган жол кырсыгынан бир адам каза болду