Көлгө "Рух-Ордодон" куюлган суунун өңү көптөрдү чочутту. Бийликтин жообу

Жерине экологдор барышкан. Текшерүүнүн жыйынтыгы суунун өңүн кошулуп аккан жошолуу чопо өзгөрткөнүн көрсөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. "Рух-Ордо" комплексинин администрациясы Ысык-Көлгө комплекс тараптан куюлган кызгылт киргилт суу боюнча жооп берди.
Буга чейин социалдык тармакта көлгө кызыл киргилт суу куюлуп жатканы боюнча видео тараган. Мындан улам ал жерге экологдор жиберилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы суунун өңүн кошулуп аккан чопо өзгөрткөнүн көрсөткөн.
"Бул нерсе жаан-чачындан жана ошол жердеги топурактын өңүнөн (жошо) улам болгон. Эч кандай дат агып келген эмес. Жамгыр токтогондон кийин суу өзүнүн кадимки түсүнө келген", — дешти комплекстин администрациясынан.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бул иш көзөмөлдө экенин айтып, тиешелүү адистер суунун үлгүсүн алганын, жыйынтыгын жуманын аягында билдире тургандыгын белгиледи.
Эмнеге сел жүрүп, жер көчөт, алдын ала билүүгө мүмкүнбү? Окумуштуулардын маеги