Андрей Стенин атындагы сынак 2024-жылга карата кыска тизмесин жарыялады

Жыл сайын сынактын географиясы кеңейүүдө. 2024-жылы тизмеге биринчи жолу Сирия, Түштүк Африка, Мьянмадан келген эмгектер кирген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Москвада Андрей Стениндин элесине арналган жаш фоторепортерлор үчүн мааракелик X эл аралык сынагынын кыска тизмесине кирген лауреаттар жарыяланды.
Алардын толук тизмеси менен сүрөттөрдүн топтомун сайттын орус жана англис версияларынан көрүүгө болот.
1 / 3
2 / 3
3 / 3
Салтка ылайык, сынактын эл аралык калыстар тобу аныктаган кыска тизменин катышуучулары номинация боюнча бөлүнбөйт, аларга байгелүү орундар берилбейт. Тизме сентябрь айында баш байгенин ээси менен кошо жарыяланат.
Быйыл сынактын мааракелик жылы болуп жаткандыктан, бул ирет калыстар тобунун курамына ар кайсы жылы гран-прини алган фотожурналисттер гана кирген.
1 / 3

Посмотреть в глаза человеку

2 / 3
Свет миру. Портрет. Герой нашего времени, серии
3 / 3
"Детям страшно, а я ведь сам отец". Портрет. Герой нашего времени, одиночные
Жыл сайын сынактын географиясы кеңейүүдө. 2024-жылы тизмеге биринчи жолу Сирия, Түштүк Африка, Мьянмадан келген эмгектер кирген.
Быйыл калыстар тобу 36 өлкөдөн 2 557 катышуучу тарткан сүрөттөрдү карап чыккан. Анын ичинде Россия, Индия, Иран, Кытай, Италия, АКШ, Испания, Улуу Британия, Түштүк Африка, Польша, Франция, Эквадор, Сирия, Мексика жана башкалар бар.
1 / 3
Реальный климат Южного Судана. Главные новости, серии
2 / 3
Борьба за жизнь. Главные новости, одиночные
3 / 3
От земли к перцу. Вид сверху, одиночные
Стенин атындагы сынактын куратору Оксана Олейник бул ирет катышуучулардын эмгегин буга чейин мыкты аталган, гран-приге ээ болгон фотографтар баалай турганын белгилеген.
"Алар кыска тизмеге сынакка берилген чоң жана ар түрдүү фотосүрөттөрдүн арасынан чыныгы таланттуу эмгектерди тандап алуу менен өздөрүнүн жогорку кесипкөйлүгүн тастыкташты. Сиздерди сынактын сайтына кирип, сүрөттөрдү көрүп чыгууга чакырам. Жаш сүрөтчүлөр бизди өз иштери менен кубандырышууда жана аларга карьерасын баштоого жардам берүүгө кубанычтабыз", — деген Олейник.
1 / 2
Ледокол Капитан Косолапов. Вид сверху, одиночные
2 / 2
Цветы лилии. Вид сверху, одиночные

Конкурс тууралуу

"Россия сегодня" эл аралык медиатобу уюштуруп, РФтин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясы колдоого алган сүрөттөрдү чогулткан Стенин атындагы сынактын максаты — жаш фотографтарды колдоо, учурдагы фотожурналистикага коомчулуктун көңүлүн буруу. Бул — жаш сүрөтчүлөрдүн, таланттуулардын, жаңычылдыкты илип кеткен сезимтал жана ачык балдардын аянтчасы. Бул жерде алар биздин көңүлүбүздү айланабызда эле жашап жаткан адамдарга, болуп жаткан окуяларга бурат.
Сынактын башкы маалыматтык өнөктөштөрү: ВГТРК (Жалпы россиялык мамлекеттик телерадиокомпания) (Россия), СМОТРИМ (Россия) онлайн-платформасы, "Россия-Культура" жалпы россиялык мамлекеттик телеканалы (Россия), "Москва 24" телеканалы.
Эл аралык маалыматтык өнөктөштүк кылгандар: Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу (эл аралык), RT телеканалы жана порталы (эл аралык), Independent Media медиахолдинги (Түштүк Африка Республикасы), ANA жаңылыктар сайты (Түштүк Африка Республикасы), Shanghai United Media Group (SUMG) (Кытай), China Daily гезитинин интернет-порталы (Кытай), The Paper интернет-порталы (Кытай), Al Mayadeen медиатармагы (Ливан).
Стенин атындагы фотосынакка келген эмгектерди кимдер баалай турганы айтылды