Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Туяк" рубрикасында конокто Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаев атындагы коомдук фонддун жетекчиси Эсен Кашкаралиев, Асанбек Оторбаевдин небереси Мурат Турсунов болду.
— Асанбек Оторбаев 16-17 жашында согушка барууга далалат кылып, бирок жашы жете электигине байланыштуу барбай калыптыр. Арадан бир жыл өтүп, анан кеткен экен...
Эсен Кашкаралиев: — Ооба, өз ыктыяры менен кеткен. Кийинки жылы Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаевдин 100 жылдыгын белгилегени жатабыз. Ошол себептен алдыда музей уюштуруу иши менен жүрүүдөбүз. Эски мектептин имаратын көп убара менен алдык. Азыр материал топтоп жатабыз. Улуу Жеңиштин 40 жылдыгына карата 1985-жылы мен иштеген мектепте музей уюштурганбыз.
Негизи биз жашаган Таластын Чат-Базар айылы көп улуттуу болгондуктан бала чактан бери орус тилге жакындыгыбыз бар. Жергиликтүү орустар менен аралашып калгандыктан Асанбек Оторбаев кичинесинен орусча эркин сүйлөгөн. Анан айылдагы балдар райондун борборуна ойногону барганда Асанбек Оторбаевдин көзүнчө кенен-кесир ойноп, ал жокто бир аз тайсалдап калышчу экен. Бала кездеги досу Кушбек Эркинбаев аксакал "борбордогу балдар менен экиге бөлүнүп алып күрөшкөндө Асанбек жок болсо жеңилип калчубуз. Ал бизге дайыма жан тартып турчу. Өзү абдан калыс, бирөөгө үстөмдүк кылганды жактырчу эмес. Калыстыгы менен баарын өз ордуна коюп койчу" деп айтар эле. Бала чагы ушинтип өтүптүр.
Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаев атындагы коомдук фонддун жетекчиси Эсен Кашкаралиев
© Sputnik / Асылбек Бактыбеков
— Архивдеги материалдарды алуу оңойго турбаса керек?
Э.К.: — Генерал-полковник Мырзакан Суванов жардам берди. Болбосо жөнөкөй адамга ал да кыйын экен. 1943-жылы январда Оторбаев Кызыл Армиянын катарына кошулат. Көзүнүн тирүүсүндө Ленинград фронтунда Эрдик медалын гана тагынып калыптыр. Андан кийин Кызыл Жылдыз ордени, Польшадан Кызыл Туу орденин алган. Согуш талаасында дайыма баатырлыкты көрсөтүп турган экен да бул киши. Кандай тапшырма болбосун "мен барам" деп тургандыктан жолдоштору да "антпей согушка бир аз токтоолук менен мамиле кылчы" дегенин материалдардан окудук. Муну менен катар анын согуштагы каймана аты Сорвиголова экен. Кол алдындагы аскерлери тапшырманы так аткарбай койсо "оторву твою голову" деп тилдечү тура. Командирлери күлүп "где тот сержант Сорвиголова" деп аны издеп калчу дейт.
Асанбек Оторбаев беш медаль алган, бешинчисинде Советтер Союзунун Баатыры болуп жатат. 1945-жылы булардын батальону Польшадагы Одер дарыясынын боюндагы стратегиялык маанидеги көпүрөдөн өтүү үчүн аркы бетте аткылап турган душманды жок кылышы керек экен. Дзотту жок кылуу үчүн Оторбаев жети жоокер менен жөнөйт. Кандуу салгылашта биздикилер дзотту ээлеп алышат. Жолдун аркы өйүзүндө жаткан немецтердин бир отряд аскери дзотту колдон чыгарбоо үчүн дароо чабуулга өтүшөт. Оторбаевдин жети жоокери айыгышкан кармашта каза болуп, өзү да жаракат алат. Огу түгөнгүчө ротанын беш жолку чабуулун кайтарат. Душмандын 25 жоокерин жок кылып, калганы артка кайтып пулемёт өтпөгөн танканын бир түрүн айдап келишет. Оторбаев болгону эки граната менен калат. Ошол кезде таң сүрүп, Одер дарыясынын берки өйүзүндө отурган биздин жоокерлерге баары көрүнүп калыптыр. Алар кантип атышып жатканына да күбө болуп турушат. Акыры айла калбай калганда Оторбаев эки гранатаны алып душмандын танкасы менен кошо өзүн да жардырат. Ошондо жол ачылып, арттагы рота "ураалап" көпүрөдөн өтөт. Ушул эрдиги үчүн 1945-жылдын апрель айында баатырдыкка көрсөтүлүп, Советтер Союзунун Баатырын аталган. Бул киши убагында массалык маалымат каражаттарына чыкпай калгандыктан аты көп аталбай калды.
Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаев
© Фото / из личного архива Эсена Кашкаралиева
— Асанбек Оторбаевдин ата-энеси, айылы тууралуу айтып берсеңиз. Кандайча небереси болуп каласыз?
Мурат Турсунов: — Асанбектин атасы Оторбай менен менин чоң атам ага-ини болушкан. Улуусу Оторбай, анын бир эле баласы болот. Ал — Асанбек Оторбаев. Оторбай атабыз дудук болуптур. Ачкачылык, жаманчылык маалында Оторбай кайтыш болуп кетет. Ал эми эки жашар Асанбекти чоң атам багып алган экен. Эл кийин "өз атыңа эле каттатып албайсыңбы" десе чоң атам болбой коюптур. Асанбек атабыз окуп жүргөндө эле абдан тың болуп, жакшы окуп "мен Манасмын" дей берчү экен. Манас айтып, алдыга умтулган адам болуптур. Кийин согуш чыкканда жашы жетпесе дагы "барам эле барам" деп аракеттенет. Себеби чоң атабызды алып кете турган болот. Ошондо "жок, ата, сиз калыңыз, мен барам" деп катуу аракет кылат. Жашы жетпеген үчүн ал жылы калып, кийинки жылы кеткен экен. Согушка араба менен кетип баратканда ошол кездеги тестиер бала, менин атам, агасынын артынан ээрчип ыйлайт. Ошондо атамды кучактап туруп "Султан, ыйлаба, чыйрак бол. Мен немецтерди жок кылып, баарын талкалап анан келем. Бөбөктөрүмдү ыйлаткан душманды жок кылбасам элеби" деп сөз берип кетиптир.
Атабызга Сагынбек Бекназаров деген агай тарых жана дене тарбия сабагынан берчү экен. Бир ирет Асанбек атабыз дене тарбиядан нормага жетпей "2" алып калат. Анан агайынын жанын койбой "нормамды тапшырайын деп келдим" деп келе берип, эки күндөн кийин эле 2 сантиметрге ашыра тапшырат. Көрсө, тынбай көгөрүп машыга берген экен.
Э.К.: — Сагынбек Бекназаров биздин өрөөндө абдан сыйлуу киши эле. Көп партиялык жумушта жүргөн адам. Асанбек Оторбаев айылдагы 7 жылдык мектепти бүткөндө Фрунзедеги 10 жылдык мектепке жиберишет. Канча классты бүткөнү тууралуу документти эч таппадык, бирок Фрунзе шаарындагы №5 мектепте окуганы чын.
— Советтер Союзунун Баатыры наамынын документтери колуңуздарда барбы?
Э.К.: — Иликтеп көрсөк, бул наам өзүнүн үй-бүлөсүнө, балдарынын же неберелеринин гана колуна берилет экен. Быйыл Россиянын аймактар аралык жана чет мамлекеттер менен маданий алака боюнча башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов келип, Асанбек Оторбаевдин эстелигине кайрылып гүл коюп кетишти. Мен анын келерин күн мурун угуп, Асанбек Оторбаев жана Насыкул Жапаркулов тууралуу эки кат даярдап койгом. Колуна тапшырдым. Архивдик маалыматтарды алууга жардам берүүсүн сурансам Россиянын элчилигинде иштеген бир кызматкерге дайындап кеткен. Ал киши "Москва менен байланышам" деп калды.
Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаев
© Фото / из личного архива Эсена Кашкаралиева
Ошондой эле Польшадагы Кендзежин-Козле шаарында согушта курман болгондорго арналган "бир туугандык күмбөзгө" Асанбек Оторбаевдин тактасы коюлду. Ташка жакшынакай чегишиптир. Аны көрүп да уялып калдым. Биз жасоочу иштерди булар жасап жатышат. Ал жактагы активисттер "Мекендин баатырлары" деген акциянын негизинде көп изилдөөлөрдү жасашууда. Эң негизгиси, согушта курман болгондордун күмбөзүн буздурбай сактап калышты.
Эми Асанбек Оторбаевдин 100 жылдыгына карата 100 төш белги чыгарсак деген оюм бар. Таластагы окуучуларга Асанбек Оторбаев же Ата Мекендик согуштун катышуучулары, баатырлар тууралуу дил баян жаздырып, мыктыларына медаль тапшыруу кажет. Ошондой эле мугалимдерге, активисттерге, бизге жардамдашкан коомдук ишмерлерге беребиз.
М.Т.: — Мурда союздук өлкөлөр арасында Асанбек Оторбаев атындагы спорттук мелдештер өткөрүлчү экен. Азыр токтоп калды.
Э.К.: — Токтобойт, Таластагы спорт мектебинин директору менен сүйлөштүм, кайра жанданат. Мындан төрт күн мурда Талас шаарынын мэрине кирип, Асанбек Оторбаев атындагы көчөгө ал тууралуу маалымат менен тактайча коюуну сурандым. Кара-Балтада да көчөсү бар экен, ал жакка да барабыз.