БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин 18-19-июнда достук сапар менен Түндүк Кореяга барат. РФ лидерин Ким Чен Ын чакырганын Кремлден кабарлашты.
Андан ары Путин Вьетнамга өтөт. Ханойдо аталган өлкөнүн компартиясынын башкы катчысы Нгуен Фу Чонг, президент То Лам, премьер-министр Фам Минь Тинь, Улуттук Жыйындын төрагасы Чан Тхань Ман менен жолукмакчы.
Алар Россия менен Вьетнамдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү ар тараптан өнүктүрүү, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактардагы кызматташууну талкуулашат. Андан сырткары, маанилүү болуп турган эл аралык жана аймактык маселелер туурасында да кеп болот. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда биргелешкен билдирүү кабыл алышып, эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлат.
Пхеньянга бара турган россиялык делегациянын курамында чет элдик, коргонуу, саламаттык сактоо, транспорт министрлери, Роскосмостун башчысы болорун РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков брифинг учурунда билдирген.
Ал Путин менен Ким Чен Ын учурдагы эл аралык маселелерди да талкуулай тургандыгын кошумчалаган.
"Бир топ көңүл эл аралык маселелерге да бурулат. Эки мамлекеттин тышкы саясаттагы актуалдуу көйгөйлөргө мамилеси жакын жана толугу менен бир-бирине дал келет. Биз теңдик, суверендүүлүктү урматтоо жана ички иштерге кийлигишпөө принциптеринде көп уюлдуу дүйнөнүн түзүлүшүн биргелешип коргойбуз", — деген Ушаков.
Анын айтымында, өлкө лидерлери коопсуздук, экономика, энергетика, транспорт жана айыл чарбасы боюнча кызматташууну да талкуулашат. Путиндин сапарынын бөлүгү Корея лидери Ким Чен Ын менен бейформал жолугушуусуна бөлүнгөн.