"Сел жүрүшү ыктымал, арыктарды таза кармагыла". ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо 18-19-июнда сел жүрүшү мүмкүн. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.

"17-июнда күндүн экинчи жарымында, 18-19-июнда өзгөрүлмөлүү аба ырайына, күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн", — деп айтылган маалыматта.

ӨКМден нөшөрдөн улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүндүгүн айтып, сел каптап кетпеш үчүн арыктарды таза кармоону элге эскертишти.
Эмнеге сел жүрүп, жер көчөт, алдын ала билүүгө мүмкүнбү? Окумуштуулардын маеги