Күнгө күйгөн денеге кам көрүүдөгү катачылыктар. Дерматологдун түшүндүрмөсү

Адис денесин күн нуруна катуу күйгүзүп алгандар адегенде ным, муздак чүпүрөк орошу керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Адамдын күнгө күйүп калган денесинин бөлүгүнө кандай кам көрүү керек жана айрымдар бул учурда кандай ката кетиришет? Бул суроолорго дерматолог Наталия Гайдаш Sputnik радиосуна курган маегинде жооп берди.
Дарыгер күнгө күйгөн жерлер көпкө барып калыбына келерин, бул учурда аны туура эмес дарылоо сезгенүүгө алып келерин белгилеген.
"Көп кетирген катачылыктар — курамында ар кандай майлар бар каражаттарды сүйкөө же элдик дарылоо ыкмалары. Мурун күйүп калган жерлерге каймак, кефир, шабдалы же зыгыр майын сүйкөгөндөр көп болчу. Майлар кошулган каражат дененин үстүңкү катмарын жаап калгандыктан ал жерде парник сыяктуу эле инфекция пайда болот", — деп түшүндүргөн Гайдаш.
Дагы бир көп кездешкен катачылык — күйүктөн кийин денеде пайда болгон ыйлаакчаларды жарып салуу. Дарыгер аны өзү калыбына келгенче күткөн туура экенин айткан.
"Ыйлаакчалар өзү жарылып жок боло баштаганда щетка, скрабдар менен сүрүп тазалоо туура эмес, бул көрүнүш ачык жерлерге инфекциянын киришин шарттайт", — деген адис.
Денеси күнгө күйүп калган адам ал жерге адегенде эле ным, муздак чүпүрөктү орогону туура. Андан кийин декспантенол камтылган нымдаштыруучу каражатты сүйкөш керек. Спрей, гелге караганда кремдер жакшы жардам берет, спрейде спирт болгондуктан аны сепкенде ачыштырышы мүмкүн, гель болсо денени кургатып жиберет. Ыйлаакчалар пайда болсо кортикостероиддик каражаттарды 1-2 жолу сүйкөп коюу жетиштүү, ал сезгенүүнү алдын алат.
Сууну көбүрөөк ичип, көлөкөдө болуңуз. Аптаптан сактануунун эрежелери