БРИКС оюндары. Ушу-таолу боюнча Кыргызстандын курама командасы үч медаль жеңди

Ушу-таолу боюнча Кыргызстандын курама командасы үч медаль жеңди
Медалдардын саны боюнча Кыргызстан 15-орунда турат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. БРИКС оюндарында Кыргызстандын ушу-таолу боюнча курама командасы 3 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Ага ылайык, кыз-келиндер арасында Элес Көкүмбек кызы кош байге — күмүш жана коло медаль алса, Айсалкын Ташматова 3-орунду ээлеген.
Жалпысынан Кыргызстандын курама командасынын байге куржунуна 12 медаль түштү. Анын 10у — коло, экөө — күмүш. Медалдардын саны боюнча Кыргызстан 15-орунда турат. Республиканын атынан 100дөн ашуун спортчу барган.
БРИКС оюндары Казань шаарында өтүүдө.
Россиялык Максим Лисицын Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды
Кыргызстандын футбол командасын россиялык адис машыктырат