Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Ак үй Киев менен коопсуздук келишиминин сакталышына кепилдик берүүдөн баш тартты

Бейшембиде АКШ менен Украина коопсуздук кепилдиги боюнча келишимге кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. АКШнын азыркы администрациясы президент алмашса Вашингтон Украина менен коопсуздук келишимин сактайт деп кепилдик бере албайт. Бул тууралуу Жо Байдендин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Швейцариядагы саммитте билдиргенин РИА Новости жазды.
Чиновник белгилегендей, түзүлгөн келишимдер жаңы бийлик тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн, бул АКШга гана эмес, башка өлкөлөргө да тиешелүү.

"Фактыны өзгөртө албайм. Бир нерсе кагазга түшсө, ал ташка тамга басылгандай түбөлүккө болот деп эч кимди адаштыра албайм. Бирок адатта Кошмо Штаттар башка өлкө менен узак мөөнөткө келишим түзүп милдеттенме алса, администрациядагы өзгөрүүлөргө карабастан ошол милдеттенмелерди карманганга аракет кылат", — деди Салливан.

Бейшембиде АКШ менен Украина коопсуздук кепилдиги боюнча келишимге кол койгон. Ага ылайык, АКШ 10 жыл украин аскерлерин машыктырат, курал-жарак жана жабдуу өндүрүү боюнча кызматташтыкты бекемдеп, чалгын боюнча маалыматтарды бөлүшүүнү күчөтөт. Анткен менен АКШ администрациясынан түшүндүрүшкөндөй, документте Вашингтондун Украинаны коргоо үчүн өз күчүн колдонуу боюнча эч кандай милдеттенмеси жок. Муну менен бирге Америка тарап үчүн эч кандай каржылык милдеттенмелер камтылган эмес.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон аудитору Украинага деген курал-жарак кымбат бааланганын аныктады