Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд. куб метрден ашты

Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард куб метрден ашты. Мындай маалымат "Электр станциялары" ишканасынын сайтына жарыяланды.
Жума күнү суунун агып кириши секундасына 1000 куб метрден ашса, агып чыгуусу дээрлик 2,5 эсе аз болгон.
Эскерте кетсек, өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясынын басымдуу бөлүгүн аталган ГЭС иштеп чыгат. Кышка чейин жетиштүү суу топтолсо жылытуу мезгили ошончо жеңил өтөт. Суу сактагычтын максималдуу деңгээли 19,5 миллиард куб метрди түзөт.
Садыр Жапаров: Токтогулдан суу сатуу мүмкүн эмес, саткандар болсо жазаланат