Ростов-на-Донуда СИЗО кызматкерлерин барымтага алгандар жок кылынды

Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Ростов-на-Дону шаарында СИЗО кызматкерлерин барымтага алгандар жок кылынды. Бул тууралуу Россиянын Жаза аткаруу федералдык кызматына таянуу менен РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, айыпталуучулар барымтадагыларды бошотуу операциясында жок кылынган. Ал эми кызматкерлер аман-эсен куткарылган.
Эске салсак, Россиянын Ростов-на-Дону шаарындагы тергөө абагынын эки кызматкерин "Террорчулук" беренеси менен айыпталып кармалган 6-7 киши барымтага алышканы кабарланган. Барымтачылар өрт учурунда эшик, терезелерди ача турган балта жана дубинкалар менен куралданышканы айтылган.
RT барымтачылар тууралуу маалымат жарыялап, алар Чеченстанда туулуп-өскөн Тамерлан Гиреев, Шамил Акиев, ингушетиялык Азамат Цицкиев экенин жазды. Үчөө 2023-жылдын 19-декабрында Карачай-Черкес Республикасынын Жогорку сотунун имаратын жардырмакчы болушканда кармалган. Акиев менен Гиреев 18 жылга, Цицкиев 18,5 жылга эркинен ажыратылган.
АКШда ИМ* менен байланышы бар делген теги тажикстандык 8 киши кармалды