17-июнга карата аба ырайы

17-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. 17-июнь, дүйшөмбүдө, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Мындай божомолду Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Ысык-Көлдө +22…+27, Нарын аймактарында +23...+28, Талас облусунда +27…+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +32...+37 градус ысык болот.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +32...+34 градуска жетсе, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, +34...+36 градус ысык болот. Ал эми Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, +23...+25 градус жылуу болору күтүлүүдө.
Радио
Анарбеков: заманбап вагондор туристтердин мактоосуна татып жатат