Радио

Тойгонбаева: “KG тай” эл аралык фестивалына жети өлкөнүн балдары катышты

КР эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева “KG тай” эл аралык фестивалынын негизги максаты жаш таланттарды колдоо жана катышуучу өлкөлөрдүн балдары менен достук, чыгармачылык байланыштарын кеңейтүү экенин айтты.
Sputnik
Быйыл“KG тай” көп жанрлуу V эл аралык фестивалга жети өлкөдөн жаш таланттар катышты. Иш-чара Бишкек шаарында 7-10-июнь күндөрү өттү. Бул тууралуу Гүлнара Тойгонбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл сынак өзгөчө дем менен жогорку деңгээлде өттү.

“Фестивалды биринчи ирет уюштурганда балдар Бишкектен, басымдуу бөлүгү Ысык-Көлдөн келип катышкан. Ал эми Өзбекстандан бир, Казакстандан эки-үч гана жаш талант келген. Кийинки жылы пандемияга туш келип калдык. Буга байланыштуу иш-чараны онлайн уюштурганбыз. Анткени пандемиядан улам чек аралар жабылып, балдардын келишине тоскоолдук жаратты. Бирок жыйырмадай өлкөдөн өтүнмө түшкөн. Бул бизге тажрыйба болду. Бирок мындай иш-чараларды жүз көрүшүп өткөргөнгө жетпейт экен. Соңку эки жылдан бери сынакты Бишкекте өткөрүп калдык. Быйыл да Маданият министрлигинин колдоосу, каржылоосу менен борбордо уюштурулду. Фестивалга катышкандардын саны жыл сайын өсүп, бул жолу жети өлкөнүн (Кыргызстан, Армения, Болгария, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан) таланттуу балдар келип ат салышты. Эл аралык деген атка татыды”, — деди Тойгонбаева.

Ал эл аралык фестивалга Кыргызстандын жана коңшу мамлекеттердин эмгек сиңирген артисттери, маданият өкүлдөрү калыстык кылышканын кошумчалады.