Министрлик: жарандардын 4 категориясы үйүндө соцкызматтарды алууга укуктуу

Учурда 920 социалдык кызматкер 9 073 адамга кызмат көрсөтүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Жарандардын төрт категориясы үйүндө социалдык кызматтарды алууга укуктуу. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эскертти.
Маалыматка караганда, бул категорияларга жалгыз бой улгайган адамдар, майыптыгы бар адамдар, улгайган жубайлар же өзүн карай албаган майыптыгы бар адамдар, оор турмуштук кырдаалга кабылган балалуу үй-бүлөлөр кирет.
"Социалдык кызматкер аймактык башкармалыктын жетекчиси бекиткен өзүнүн жеке графиги боюнча жумасына эки ирет муктаждардын үйлөрүнө барып турат. Ар бир социалдык кызматкерге 8-12 адам бекитилет", — деп айтылат маалыматта.
Учурда 920 социалдык кызматкер 9 073 адамга кызмат көрсөтүүдө.
Прокуратура майыптарга бөлүнгөн каражатты кымырган аткаминерлерди аныктады