Радио

Токторалиев: Париж Олимпиадасынан эки алтын медаль күтүп жатабыз

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Токторалиев Олимпиадага жолдомо алган спортчулардын окуу-машыгуулары белгиленген убакыт боюнча өтүп, даярдыктар үчүн каражат кечиктирилбей берилгенин айтты.
Sputnik
Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарынан эки алтын медаль күтүп жатабыз. Машыктыруучулардын анализи боюнча, тарыхый жетишкендикти спорттун күрөш түрлөрү боюнча балбандары алып келери болжолдонуп жатканын Кубанычбек Токторалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дирекцияга ушул жылга 274 миллион сом бөлүнүп, Олимпиадага даярданууга кошумча 100 миллион сом бюджеттен берилген.
"Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндары жакындап калды. Оюндарга учурда спорттун жети түрүнөн 15 лицензия алдык. Жолдомо алган спортчулардын окуу-машыгуулары белгиленген убакыт боюнча өтүп, даярдыктар үчүн каражат кечиктирилбей берилип жатат. Алсак, дирекцияга ушул жылга 274 миллион сом бөлүнүп, Олимпиадага даярданууга кошумча 100 миллион сом бюджеттен каралган. Баарыбыз Олимпиададан тарыхый көрсөткүчтөрдү күтүп жатабыз. Албетте, кайсы атлеттер байгелүү кайтарын так айтуу абдан оор. Спортто "күч атасын тааныбайт" деп бекер айтпаса керек. Бирок Олимпиада оюндарынан эки алтын медаль күтүп жатабыз. Машыктыруучулардын анализи боюнча, тарыхый жетишкендикти спорттун күрөш түрлөрү боюнча балбандары алып келери болжолдонуп жатат", — деди Токторалиев.
Ал ошондой эле спортчулардын даярдыгы дыкат көзөмөлдөнүп, Допингге каршы улуттук борбор, дарыгерлер, машыктыруучулар, спорттук федерациялар да байкоо жүргүзүп жаткандыгын кошумчалады.