Кыргызстандын футбол командасын россиялык адис машыктырат

Максим Лисицын Кыргызстанда төрт жылдан бери иштейт. Жаштар жана олимпиадалык курама командалардын башкы машыктыруучусу болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. 46 жаштагы россиялык Максим Лисицын Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Эске салсак, КФС өткөн жылдын май айынан бери кыргыз курама командасын жетектеп келген Штефан Таркович менен келишимди узарткан эмес. Анын мөөнөтү 30-июнда аяктайт.
"Жаңы машыктыруучу команданы ушул жылдын сентябрь айында баштала турган 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоонун 3-туруна даярдайт. Кыргыз футбол союзу менен башкы машыктыруучунун ортосундагы келишим 3-тур аяктаганга чейин бир жылдык мөөнөткө иштейт", — деди маалымат кызматы.
Лисицын Кыргызстанда 4 жыл мурун иштей баштаган. 2022-жылы анын жетекчилиги астында өлкөнүн жаштар курамасы U-20 Азия кубогунун финалдык баскычына чыккан. Россиялык адис Кыргызстандын олимпиадалык курама командасын да жетектеп, Азия чемпиондугуна тандоо оюндарына катышкан. Ошондой эле өткөн жылдын аягында борбор калаадагы "Дордойдун" машыктыруучусу болуп бир сезонго дайындалган. Андан кийин олимпиадалык курама команданын машыктыруучусу кызматын сактап калган.
Кечээ Лисицындын талапкерлигин Кыргызстан футбол союзунун аткаруу комитети жактыргандан кийин КФС президенти Камчыбек Ташиев улуттук кураманын жаңы машыктыруучусу менен жолугушту. Ишине ийгилик каалап, анын жетекчилиги астында команда алдыга койгон максаттарына жетет деген ишенимин билдирди.
Омандан олжолуу кайткан кыргыз футболчуларын Эдил Байсалов тосуп алды. Сүрөт