Кыргызстан БРИКС оюндарында алгачкы медалга ээ болду

Өлкө намысын эл аралык иш-чарада 100дөн ашуун спортчу коргоп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Казань шаарында өтүп жаткан БРИКС оюндарында самбочу Канышай Аманкулова коло медалга ээ болгонун Маданият министрлиги билдирди.
1 / 2

Казань шаарында өтүп жаткан БРИКС оюндарында самбочу Канышай Аманкулова коло медалга ээ болгонун Маданият министрлиги билдирди

2 / 2

Маалыматта кыргызстандык спортчу 59 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашканы айтылат

Маалыматта кыргызстандык спортчу 59 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашканы айтылат. Коло үчүн беттеште Аманкулова вьетнамдык атаандашын жеңип алды. Бул — Кыргызстандын БРИКС оюндарындагы алгачкы медалы.
Эскерте кетсек, 12-июнда старт алган ири спорттук иш-чарага Кыргызстандан 100дөн ашуун спортчу барган. Алар спорттун 14 түрү боюнча ат салышууда.
Радио
Токторалиев: Париж Олимпиадасынан эки алтын медаль күтүп жатабыз