Радио

Садыров: Бишкек ТЭЦине керектүү шаймандар Россиядан табылды

Бишкек жылуулук электр борборунун директору Алпбек Садыров ЖЭБдин кубаттуулугун күчөтүү иштери жүрүп жатканын айтты.
Sputnik
Борбордо жашоочулардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Ал эми Бишкек ЖЭБи эскирип, кубаттуулугу төмөндөп жатат. Бул тууралуу Алпбек Садыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, борборду жылуулук менен үзгүлтүксүз жана толук кандуу камсыздоо үчүн ЖЭБдин кубаттуулугун күчөтүү керек.
"Бишкек жылуулук электр борборундагы от казандар Россиянын Барнаул шаарындагы заводдо даярдалган экен. Биз ал жерге барып келдик, ишкана дагы деле иштеп жатыптыр. Бишкек ЖЭБине керектүү шаймандар бар экен, келишим түзүп, буйрутма бердик. Борбор калаада жашоочулардын саны жылдан-жылга көбөйүп жатат. Ал эми Бишкек ЖЭБи эскирип калды. Анын кубаттуулугун күчөтүү үчүн тийиштүү иштерди жүргүзүп жатабыз. Россиялык, өзбекстандык адистер сунуштарын беришти. Өзүбүз дагы бул багытта иштеп жатабыз", — деди Алпбек Садыров
Ал ошондой эле Бишкек ЖЭБинин карамагындагы ТЭЦ-2ни ишке киргизүү аракеттери жүрүп жатканын кошумчалады.