АКШнын эки окуяга тандап жасаган мамилеси туурасында Захарованын билдирүүсү

Армения, Грузиядагы окуяларга АКШнын эки башка мамилеси. Захарованын билдирүүсү
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. АКШ "эрежелерге таянган дүйнө тартиби" боюнча талаптарды өзүнө ылайыктап өзгөртүп аларына Американын Еревандагы элчилигинин Арменияда митинг өткөрүү зарылдыгы жоопкерчиликти жаратарын, ал эми Тбилисидеги дипмиссиясынын Грузиядагы башаламандыкты колдоо керектигин айтканы мисал. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды.
Ал Американын эки элчилигинин (Ереван менен Тбилисидеги) эки өлкөдөгү реакцияларын мисал катары алган. Арменияда нааразылыкка чыккандарды зомбулуктан алыс болууга, тартип сактоочуларды тартипти камсыздоого чакырган. Ал эми Грузиядагы окуяда бийликтин митингчилерге кылганы такыр туура эместигин, алардын укугу каралышы керектигин белгилешкен.
"Мына силерге демократия. Бирөөндө Вашингтон элчиликтин оозуна салып митинг өткөрүү чоң жоопкерчилик экенин айтып, бийлик аларды басып салган жок деп айыптап жатат. Ал эми башка окуяда тескери нерсени айтууда, тагыраагы, Батыштын чет элдик агенттери чыгарган башаламандыкты колдоду. Бул АКШ колду шилтеп коюп, кырдаалды өзүнө ылайыктуу кылып өзгөтүп, "эрежелерге таянган дүйнө тартибин" ушинтип карманып жатканына айкын мисал", — деген Захарова.
ЖККУ Армения уюм менен болгон мамилесин жолго коет деп күтүүдө