Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Пентагон аудитору Украинага деген курал-жарак кымбат бааланганын аныктады

Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Пентагондун аудитору кайрадан АКШнын Украина үчүн деген курал-жарагы 1,9 миллиард долларга кымбат бааланганын аныктады. Бул тууралуу департаменттин башкы инспекторуна шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Коргонуу беренелерин кароо учурунда курал-жарактардын баасы 1,9 миллиард долларга кымбат бааланганы ачыкталды. Бул сумма — мурда жарыяланган 6,2 миллиард доллардан тышкаркы каражат. Мындай нерсе министрлик менен анын структуралары генералдык инспектордун көрсөтмөсүнө ылайык саясатты толук ишке ашыра албаганын көрсөтүп турат", — деп жазылган көзөмөлдөөчү ведомствонун отчетунда.
Эске салсак, Украинага аскердик жардам көрсөтүү коррупцияга алып келип, андан улам иш козголуп камакка алынгандар болгон. Мисалга алсак, 2021-жылдын ноябрынан тарта америкалык жети аскер менен жай жарандардан турган подрядчылар Румыниядагы аба базасынан Украинага берилүүчү жардамдан баасы эки миллионго чукул жети тонна күйүүчү майды кымтыганы аныкталган.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
ФСБ: Украина чалгын кызматынын "Крокустагы" терактыга тиешеси бар экени аныкталды