Парламент уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берүүнү колдоду

Бийлик бул мыйзам долбоору элдин ден соолугу, экологияга зыян болбой турганына ишендирип, Кызыл-Омпол кенин иштетүү Ысык-Көлгө зыян келтирбей турганын билдирүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берүүчү мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.
Документке бүгүнкү жыйында 70 депутат макулдугун берип, 8и каршы болгон.
Биринчи окууда мыйзам долбоору боюнча маалымат берген жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев уранды иштетүүгө салынган тыюу башка сейрек кездешүүчү металлдарды камтыган 83 кенди изилдеп иштетүүгө жолтоо болуп жатканын айткан. Министр аларды иштетүү өз кезегинде экономиканы жакшыртууга салым кошоруна ишеним арткан.
Бийлик бул мыйзам долбоору элдин ден соолугу, экологияга зыян болбой турганына ишендирип, Кызыл-Омпол кенин иштетүү Ысык-Көлгө зыян келтирбей турганын билдирүүдө.
Ысык-Көлгө сиз күйбөй эле коюңуз! Садыр Жапаров чет элдик блогерге жооп берди