Коңурукту пайда кылган себептер аталды

Дарыгер коңурук тарткан адам тиешелүү адиске кайрылып текшерүүдөн өтүшү керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кулак-мурун оорулары дем алууну кыйындатып, коңурукту шарттай турган негизги себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу кардиолог Полина Концедайло "Известия" басылмасына берген маегинде билдирди.
Адистин айтымында, мындан тышкары, коңурук ринит, риносинусит, мурун полиптери, мурун сынгандан кийин дагы пайда болушу ыктымал.

"Коңурук жаактын түзүлүшүнөн, нерв-булчуң оорулары жана калкан безинин илдетинен улам пайда болушу мүмкүн. Мындан тышкары, ашыкча салмак, аракечтик, тамеки чегүү жана кээ бир дарылар да бул адатка себеп болот", — деген дарыгер.

Адис адам чалкасынан уктап жаткан абалда тарткан коңуруктун зыяны жок экенин айтат. Бирок катуу коңурук дем алуунун бузулушунан кабар берет. Мындай адамдар баш оору, уйкусуроо, зарна, ашыкча тердөөдөн жабыркашат. Кардиолог бул белгилерден улам кант диабети, дем алуу системасынын жабыркашы, эпилепсия, кээде депрессия өрчүп кетерин эскерткен.
"Коңурук тарткан ар бир адам оториноларинголог же сомнологго кайрылышы керек. Ошондой эле невролог, ортодонт жана эндокринологдун кеңеши зарыл", — деген адис.
Эмне үчүн туура абалда уктоо зарыл. Адистин түшүндүрмөсү