БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. "Апенди бизнесмен" Telegram каналы Кыргызстанда бир сутка ичинде валюталардын баасы кандай өзгөрүп кеткендигин жазды.
Кечээ эртең мененкиге салыштыра келгенде, долларды сатып алуунун орточо баасы 33 тыйынга түшүп, ал эми сатуу 40 тыйынга көтөрүлүп кетти. Сатуунун эң төмөнкү деп белгиленген баасы 30 тыйынга кымбаттап, азыр 87,8 сом болууда.
Евро да 99 тыйынга өстү. Ал эми рублдин сатып алуу курсу бир топ ылдыйлап, тагыраагы, 96,5 тыйындан 65,9 тыйынга түштү. Ал эми сатуу дээрлик өзгөргөн жок (0,2 тыйынга).
Кечээ, 12-июнда, АКШнын Финансы министрлиги Россияга карата жаңы санкциялардын пакетин киргизгендигин РИА Новости билдирген. Тизмеге Москва биржасы жана анын туунду компаниялары Улуттук эсеп-кысап депозитарийи жана Улуттук клиринг борбору да кирип калган. Бул окуялардан улам аталган биржа доллар, евро менен эсептешүүлөрүн токтотту.
Бир аз убакыт өткөндөн кийин РФтин Борбордук банкы (Центробанк) Мосбиржага салынган санкциялардан кийин доллар, евро менен эсептешүүнү биржадан сырткаркы рынокто уланта берерин айткан.