БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Васильевка айылынын аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекемеси аныкталып, ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, аталган мекеме дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдан каттоодон өткөн эмес. Мындан тышкары, архитектуралык-курулуш жана санитардык-гигиеналык нормалар сакталбай, атайын окуу программасы да жок болуп чыккан.
Медресени салттуу эмес диний агымдардын биринин жетекчисинин тууганы Ж.У. аттуу киши иштетип келгени айтылды. УКМК текшергенде бул жайда 33 бала билим алып жаткан.
"Материалдар каттоого алынып, тергөөгө чейинки иликтөө иштери жүрүүдө. Ал эми медресеге мөөр басылып, окуучулар ата-энелерине өткөрүлүп берилди", — деп айтылат маалыматта.
УКМК акыркы жылдары жайкы эс алуу мезгилинде балдар үчүн диний лагерлер көбөйүп кеткенин, салттуу эмес диний агымдардын жактоочулары шектүү окуу борборлорун, лагерлерди уюштуруп жатканын белгиледи.
Атайын кызмат ата-энелерге диний билим берүү мекемелерин тандоодо алгач аталган окуу жайлардын каттоосун, уруксат кагаздарын жана лицензияларын, окуу планын текшерип алууну эскертти.