Пресс-борбор

Англосактар борбор азиялыктарды чабыштырууну көздөйт. Казак экспертинин пикири

Эксперттер бир катар тараптар түстүү ыңкылаптар менен чатактардын күбөсү болуп, ал нерсе америкалык идеологдордун методикалык көрсөтмөлөрү менен бара жатканын айтышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Англосактардын Борбор Азияда жайгашкан мамлекеттерди өз ара чабыштыруу максаты бар. Бул туурасында геосаясий божомолдор боюнча "Восток — Запад" эл аралык борборунун президенти Карлыгаш Нугманова (Казакстан) айтты.
Ал "Борбор Азияда тамыры бекем тынчтыкты кантип орнотууга болот" деп аталган видеокөпүрөгө катышкан.
"Биздин аймактардагы жаратылыш ресурстары үчүн көп келе баштаган англосактар деп аталган дүйнөлүк оюнчулар, албетте, биринчи орунга биздин өлкөлөр арасына от жагуу максатын коюшкан", — деди эл аралык борбордун жетекчиси.
Эксперт бардыгы түстүү ыңкылаптар менен чатактардын күбөсү болуп, америкалык идеологдордун методикалык көрсөтмөлөрү менен бара жатканын кошумчалады. Алардын ыңгайлуу учурду карап турушканын, эгерде андай мүмкүнчүлүк жарала калса Борбор Азия мамлекеттерин чачыратуу аракетинде экени кошумчаланды.
Нугманова террорчулукка өңүт алып бараткан радикалдык экстремизм менен күрөшүү да маанилүү маселелерден экенин белгилеген. Ал бир катар террордук уюмдар баш көтөрө баштагандыгын эске салып, аларга биргелешип каршылык көрсөтүү керектигин кошумчалаган.
Саясат таануучу: АКШ Борбор Азия менен коркутуп-үркүткөн ыкмада сүйлөшө баштады