Путин КМШда кызматтарды эркин сатуу боюнча келишимди ратификациялады

Келишимге Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын премьер-министрлери 2023-жылдын июнь айында Сочиде кол коюшкан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин КМШда Кызмат көрсөтүүлөрдү эркин сатуу жана инвестиция тартуу боюнча келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Келишимге Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын премьер-министрлери 2023-жылдын июнь айында Сочиде кол коюшкан. Ошондой эле ага кошулууну каалаган бардык мамлекеттер үчүн жол ачык.
2012-жылдан бери КМШда эркин соода зонасы тууралуу келишим иштейт. Анын алкагында шериктеш өлкөлөрдүн ортосундагы товар айлантуу бажы төлөмдөрүсүз, Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине жараша жүргүзүлөт. Эми ошондой эле макулдашуу тейлөө жаатында да түзүлдү.
Документ кеминде шериктеш үч мамлекет тарабынан ратификациялангандан бир айдан (30 күндөн) кийин күчүнө кирип, эки бөлүктөн турат. Биринчисинде транспорттук, юридикалык, консалтингдик, каржылык, курулуш жана башка кызматтар рыногуна чыгуу шарттары каралган. Экинчи бөлүгүндө бөлөк өлкөлөрдө, ириде айыл чарба жана өнөр жай багытында ишкана түптөө мүмкүнчүлүгү туурасында айтылган.
РФ ТИМи Кыргызстанга көз карандысыз төлөм инфраструктурасын түзүүнү сунуштады