13-июнга карата аба ырайы

13-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. 13-июнь, бейшембиде, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Мындай божомолду Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Ысык-Көлдө +19…+24, Нарын аймагында +20...+25, Талас облусунда +24…+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +31...+36 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүз өткүн өтүп, күндүн табы +27...+29 градуска жетсе, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, +34...+36 градуска чамалап барат. Ал эми Чолпон-Ата шарында өткүн өтүп, +21...+23 градус жылуу болору күтүлүүдө.
Бишкекте 16-июнь күнү эртең менен коомдук транспорт элди акысыз ташыйт