Катуу жаан жаап, кайра сел жүрөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Сел суусу үйдүн тосмосунан ашып жатат. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. 12-13-июнь күндөрү боло турган нөшөрлүү жаан-чачындан улам республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ кабарлап, шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматта дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөрү күтүлүп жатканы айтылат.
ӨКМ элге кайрылып, селди, суу каптоону алдын алуу үчүн арыктарды, суу түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалоону сунуштады.
Сел. Архивдик сүрөт
Эмнеге сел жүрүп, жер көчөт, алдын ала билүүгө мүмкүнбү? Окумуштуулардын маеги