Радио

Чомуева: мөмө-жемишти жуубай жегендер ичеги-карын оорусуна көп чалдыгат

Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынын дарыгери Майрам Чомуева ичеги-карын оорулары жай мезгилинде көп кездешерин айтты.
Sputnik
Мөмө-жемишти жуубай жесе ичеги-карын ооруларына алып келет. Бул тууралуу Майрам Чомуева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ысыкта тамак-аш дагы бат бузулуп, уулангандар көп катталат.
"Ичеги-карын оорулары төрт мезгилде тең учураганы менен жай мезгилинде күчөйт. Ушул июнь айынан баштап көп каттала баштайт. Мөмө-жемиш бышып, аларды жуубай жегенде ичеги-карын оорулары пайда болот. Негизи ичеги-карын оорулары кир колдун оорусу деп айтылат. Мындан сырткары, жайында тамак-аш бат бузулат. Жайкы ысыкта муздаткычта туруп деле бузулуп калышы мүмкүн. Айрыкча бул мезгилде коомдук тамактануучу жайларда шам-шум эткенден сак болуу керек. Бузулган тамактан уулангандардын көбөйүшү да жай мезгилине туура келет", — деди Чомуева.
Ошондой эле ал эгер ичеги-карын ооруларынын белгилери байкалса кайдыгерлик кылбай дароо дарыгерлерге кайрылуу керектигин кошумчалады.
Тема боюнча:
Кыргызстандык дарыгерлер жайкы туура тамактануунун эрежелерин тизмектеди