Малавинин вице-президенти учак кулап каза тапты

Кырсыктаган аба кеменин ичинде аталган өлкөнүн мурдагы биринчи айымы болгону айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Малавинин вице-президенти Саулос Клаус Чилима бараткан учак кулап, аны менен кошо тогуз жүргүнчү каза тапты. Бул туурасында РИА Новости жергиликтүү Malawi24 басылмасына шилтеме кылып берген.
Маалыматта кырсыктаган аба кемесинде өлкөнүн мурдагы биринчи айымы Патрисия Мулузи да болгону айтылды. Ал Малавини 10 жыл башкарган (1994-2004) Бакиле Мулузинин жубайы эле.
Иранда президент Раиси бараткан тик учак кырсыктады