БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Боордун оорусу өтүшүп кетмейинче сезилбей жүрө берет. Бул тууралуу гепатолог Бубу Банини "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде билдирген.
Дарыгер маегинде боор адамдын эң чоң органы экенин, ал организмден зыяндуу токсиндерди чыгарып, кандын уюшуна жооп берерин айткан.
"Боордун ооруп жатканы сезилбейт, бирок ыңгайсыздыкты сезген учурда илдет өтүшүп кетиши мүмкүн", — деген Банини.
Адис боор илдети башталганда организмде боло турган белгилерди тизмектеп берген:
Тери менен көздүн агы саргайып калат
Кандагы билирубин көбөйүп кеткен маалда түс өзгөрөт. Адатта билирубинди боор иштеп, организмден чыгарып турат. Ал көбөйсө сарык илдети пайда болот.
Зааранын түсүнүн карайышы
Адам суюктукту аз ичкенде заарынын түсү карайып калат. Бирок боор ооруган учурда дагы зааранын түсү караят.
Унутчаактык
Боор жабыркаган маалда адамдын психикалык абалы да бузулуп, ал унутчаак болуп, уйкуга тартыла берет.
Бут, балтыр жана ичтеги шишик
Шишик — организмде чоң көйгөйдүн белгиси. Көбүнчө цирроз илдетинен адамдын буту, балтыры шишип, ичине суу толуп калышы мүмкүн.
Дене бат эле көгөрүп, канталап калат
Боор кандагы белокту иштеп чыгып, ал кандын уюшуна жардам берет. Бул процесс бузулган кезде кан токтобой, акырын урунуп калган учурда дене көгала боло берет.
Гепатолог адам сарык болсо, психикалык абал дароо өзгөрсө, заң менен зааранын түсү карайып кетсе, кан аралаш кусканда, бут, балтыр жана ич шишип кетсе, дем алуу кыйындаса дароо дарыгерге кайрылуусу зарылдыгын эскертет.