Байкоңурдагы Жеңиш монументинде Өчпөс от тутандырылды

Өчпөс от Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы жоокерлердин эрдиги унутулгус экенин чагылдырары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Байкоңурда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш монументинде Өчпөс от жагылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Маалыматка ылайык, аны легендарлуу генерал Иван Панфиловдун небереси Айгүл Байкадамова демилгелеген. Айтымында, Өчпөс от Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы жоокерлердин эрдиги унутулгус экенин чагылдырат.

“Андай баатырдыктын бири — Казакстан менен Кыргызстандан чакырылган 316-аткычтар дивизиясынын жоокерлери менен офицерлеринин эрдиги. Согуштун эң оор күндөрүндө, 1941-жылдын күзүндө дивизия Москваны коргогон”, — деп айтылат шаардык администрациянын маалыматында.

Отту Байкоңур администрациясынын башчысы Константин Бусыгин менен Казакстандын президентинин Байкоңур комплексиндеги атайын өкүлү Кайрат Нуртай жандырган.
Москвадагы Белгисиз жоокердин бейитинде жанган отту Панфилов дивизиясы кабыл алды