Кыргызстанга жумуртканы сырттан ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизилди

Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кыргызстанга жумуртканы импорттоого жарым жылга чектөө киргизилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин тийиштүү токтому жарыяланды.
Мындай чечим жергиликтүү ишкерлердин кайрылуусунан кийин кабыл алынган. Алар ички муктаждыкты толук камсыздай алышарын айтышкан. Максаты — азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, бааны турукташтыруу жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо.
Министрлик республикада соңку эки жылда канаттуулар чарбачылыгы кеңейип, жергиликтүү өндүрүш болжол менен эки эсеге өскөнүн кабарлаган.
Радио
Темирбекова: өлкө жумуртка менен өзүн-өзү камсыздоого аракет кылууда