Россотрудничество: кыргыз-орус байланышы катаал сыноолорду жеңе алды

Россотрудничествонун өкүлү тарыхты сактап кийинки муундарга өткөрүп берүү боюнча аракеттер уланып жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия элдеринин ортосундагы байланыш катаал сыноолорду жеңүүгө жардам берген. Бул тууралуу "Дүйнө энелердин таман астында" аталышындагы тегерек столдо Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлү Эсма Хагба билдирди.
Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлү Эсма Хагба
"Адамзатты кыйратуучу, өлкөлөр менен элдерди манипуляциялоочу жана коомдук аң-сезимди өзгөртүүчү долбоорлорду көргөндө ата-бабаларыбыздын эрдиги менен сыймыктанабыз. Кээде калыптанбаган аң-сезим менен өзүнүн өтмүшүнө татыктуу болуу барган сайын кыйын болууда. Бирдиктүү тарыхты сактап, кийинки муундарга өткөрүп беребиз", — деди Хагба.
Ал жетим балдарды асырап алган Токтогон Алтыбасарованын эстелиги ачылганын эске салды.
"Бул чыгаан аялга карата сый-урматыбыз чексиз. Токтогон Алтыбасарованыкындай окуя Кыргызстанда көп эле. Бул — биздин элдерибиздин ортосундагы руханий жана маданий бекем байланыштар катаал сыноолордон өтүүгө жардам бергендигинин мисалы", — деп кошумчалады ал.
Ысык-Көлдө Токтогон Алтыбасарованын эстелиги ачылды. Видео