Элчилик: Кыргызстан менен Россияда үй-бүлөлүк баалуулук коомдун негизин түзөт

Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Россия менен Кыргызстан — үй-бүлөлүк салттуу баалуулуктар чоң роль ойногон өлкөлөр. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин биринчи катчысы Андрей Ростков "Дүйнө энелердин таман астында" аттуу тегерек столдо билдирди.
Иш-чараны "Салттуу баалуулуктар үчүн аялдар союзу" коомдук бирикмеси Россиянын Кыргызстандагы элчилиги, Россотрудничество жана Кыргызстандагы епархиянын колдоосу менен уюштурган.
"Үй-бүлө — кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берген чеп. Россия менен Кыргызстан – бул үй-бүлөлүк баалуулуктар чоң роль ойногон өлкөлөр. Бизде коомдун негизин түзгөн, мурасты сактоого, улууларды сыйлоого, элди сүйүүгө, жакынына жардам берүүгө басым жасалат. Үй-бүлө — бул адамдардын кан аркылуу гана байланышы эмес, колдоо, түшүнүү жана сүйүү таба ала турган жер. Биздин кулк-мүнөзүбүз, принциптерибиз, жашоо багыттарыбыз үй-бүлөдө калыптанат", — деди Ростков.
Ал тез өнүгүп жаткан дүйнөдө технология адамды салттуу баалуулуктан ажыратып, бөлүп жаткандыктан аны сактоо жана бекемдөө барган сайын маанилүү болуп баратканын белгиледи.
Садыр Жапаров неолиберализм өлкөнүн, элдин кызыкчылыгына каршы келерин айтты