Ысык-Көлдө Токтогон Алтыбасарованын эстелиги ачылды. Видео

"Эне жана Мээрим элдик руханий-агартуу борбору" үй-бүлөлүк тарбия берүү боюнча евразиялык аянтча ишин баштады.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө "Эне, Боорукердик, Эстелик" эл аралык форумунун алкагында Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында блокадага кабылган Ленинграддан 150 баланы асырап алган Токтогон Алтыбасарованын эстелиги ачылды.
Иш-чаранын демилгечиси жана уюштуруучусу "Салттуу баалуулуктарды карманган аялдар союзу" коомдук бирикмеси болду. Салтанаттуу ачылыш 9-июнда Түп районундагы Ак-Булуң айылында өттү. Эстелик Гүлнара Дегенбаева жетектеген "Мээрим булагы" фондунун демилгеси менен даярдалаган.
Иш-чараны өткөрүүгө Россиянын элчилиги, Коргоо министрлиги, Бишкек жана Кыргызстандын епархиясы колдоо көрсөткөн. Биргелешип уюштурууга Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому жардам берген.
1 / 6

Ысык-Көлдө "Эне, Боорукердик, Эстелик" эл аралык форумунун алкагында Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында блокадага кабылган Ленинграддан 150 баланы асырап алган Токтогон Алтыбасарованын эстелиги ачылды

2 / 6

Иш-чаранын демилгечиси жана уюштуруучу "Салттуу баалуулуктарды карманган аялдар союзу" коомдук бирикмеси болду

3 / 6

Салтанаттуу ачылыш 9-июнда Түп районундагы Ак-Булуң айылында өттү

4 / 6

Эстелик Гүлнара Дегенбаева жетектеген "Мээрим булагы" фондунун демилгеси менен даярдалаган

5 / 6

Ошондой эле Ысык-Көлдө Токтогон Алтыбасарова атындагы "Эне жана Мээрим элдик руханий-агартуу борбору" үй-бүлөлүк тарбия берүү боюнча евразиялык аянтча ишин баштады

6 / 6

10-июнда Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы кыргыз элинин эрдигине арналган эл аралык форумдун экинчи этабы болот

Ошондой эле Ысык-Көлдө Токтогон Алтыбасарова атындагы "Эне жана Мээрим элдик руханий-агартуу борбору" үй-бүлөлүк тарбия берүү боюнча евразиялык аянтча ишин баштады.
10-июнда Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы кыргыз элинин эрдигине арналган эл аралык форумдун экинчи этабы болот.
Токтогон Алтыбасарова 18 жашында Ленинград курчоосунда калган 150 баланы канатына калкалап өстүргөн. Ал тарыхта мээрман, ак жүрөк эне катары калды.
Ысык-Көлдө үй-бүлөлүк тарбия берүү боюнча евразиялык аянтча ачылат