37 градуска чейин ысыйт! Бир жумага карата аба ырайынын божомолу айтылды

Бардык аймакта күн ысып баштаганы менен өткүн өтүп турат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумада, тагыраагы, 9-июндан 15-июнга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, жуманын башында Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында абанын температурасы 34-37 градуска чейин ысыйт. Башка аймактарда дагы күн ысып баштайт, бирок өткүн өтүп турат.
Бишкекте 9-11-июнда жана 12-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 12-июнда күндүз жана 13-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 14-15-июнда дагы күндүз өткүн өтөт.

Чүйдө

Аймактын дыйканчылык аймактарында 9-10-11-июнь күндөрү күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.
12-июндан 15-июнга чейин айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Талас

9-июнда күн ачык болот. 11-июндан 14-июнга чейин айрым жерлерде өткүн өтүшү күтүлөт. 15-июнда дагы өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаай турганы болжолдонду.

Ош, Жалал-Абад, Баткен

Облустарда 9-10-11-июнь күндөрү өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. 12-13-июнь күндөрү айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 14-15-июнда түнкүсүн жаан-чачын жааса, күндүз кээ бир гана жерлерде өткүн өтөрү болжолдонду.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ысык-Көл, Нарын

Региондордо 9-10-июнь күндөрү түнү асман ачык болот, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. 11-12-июнь күндөрү дагы өткүн өтүп турат. 13-14-15-июнда дагы ушундай эле аба ырайы болот.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Эмнеге сел жүрүп, жер көчөт, алдын ала билүүгө мүмкүнбү? Окумуштуулардын маеги