Диетолог адамга күнүнө канча өлчөмдө клетчатка керектигин айтты

Клетчатка жашылчада жана кеч сиңген углеводдордо болот.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Ден соолукту чыңдап, түрдүү ооруларды алдын алуу үчүн адамга күн сайын канча өлчөмдө клетчатка керек экендигин Sputnik радиосуна дарыгер-диетолог Татьяна Залетова айтып берди.
Адис белгилегендей, клетчатка — рациондогу эң маанилүү компоненттердин бири. Тамак-аш буласын жетиштүү көлөмдө жеген адам гипертонияны, кант диабетин, ашыкча салмакты, боордун май басышын, онкологиялык жана ортопедиялык ооруларды алдын алат.
“Суткасына 30 граммдан кем эмес клетчатка жеш керек. Адатта анын жарымын гана колдонобуз. Клетчатка жетиштүү болушу үчүн күн сайын 500 грамм жашылча менен жемиш, кечирээк сиңген углеводдорду пайдалануу зарыл”, — деген адис.
Диетолог ошол эле маалда күнүмдүк тамак балансталган болушу керектигин белгиледи.
“Дан жана буурчак өсүмдүктөрүндө клетчатка болгону менен аны баары эле сиңире албайт. Айрымдарынын ичи көбүшү мүмкүн, анүстүнө калориясы көп. Ошондуктан клетчатканы көбөйтүш үчүн жашылчадан, анын ичинде жалбырактуу жашылчалардан эле көбүрөөк жеш керек”, — деген Залетова.
Ошону менен бирге сууну ичүүнү унутпоо керектигин, суюктук ичеги-карындагы клетчатканы оңой сиңирүүгө жардам берерин кошумчалады.
Боткону кандай кылып бышырса пайдасы көп болорун кардиолог айтты