Бишкекте мугалимдердин эл аралык форуму өтөт

Форум Кыргызстандын билим берүү системасынын 100 жылдыгына арналмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бишкекте мугалимдердин "Мектептер-2030" аттуу III глобалдык эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара 11-июндан 13-июнга чейин өтүп, ага дүйнөнүн ар тарабынан 250 делегат мугалим келери күтүлүүдө.
"Алар климаттын өзгөрүшүнө каршы туруктуулукту камсыздоо маселесин талкуулашат", — деп жазылат кабарда.
Форум Кыргызстандын билим берүү системасынын 100 жылдыгына арналары кошумчаланды.
Абал жакшы эмес, бирок аны ого бетер начарлатышууда. Эксперт Ысык-Көл тууралуу